p

7-август, 1947-жылы саясий ишмер Амангелди Муралиев туулган

Кыргызстан
Саясий ишмер Амангелди Муралиев Чүйдүн Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. 
1967-ж. Карабалта тамак-аш техникумун, 1976-жылы ФПИни бүтүргөн. 1966-70-жылы Карабалта кант комбинатында слесарь, мастер, 1970-73-жылы Бишкек электр-вакуум машиналарын куруу тажрыйба заводунда инженер-конструктор. 1973-76-жылы тоют жыйноочу техникалар боюнча мамлекет адистештирилген конструктордук бюродо жетектөөчү конструктор. 1976-78-жылы Бишкек шаардык парткомунун инструктору. 1978-82-жылы оор электр машиналарын куруу заводунда башкы инженер, директор.
Өнөр жай тармактарында иштеп туруп "Тяжэлектромаш", "Кыргызавтомаш" сыяктуу Союздун гигант ишканаларын башкарып, элге таанылган.  Экономика, мамлекеттик мүлк тармактарына жетекчилик кылган. 1988-91-жылы Бишкек шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы. 1991-92-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекет катчысы, экономика боюнча мамлекет комитетинин төрагасы, 1992-93-жылы экономика жана финансы министри, 1993-жылдан Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкер адамдар союзунун президенти. 1985-92-жылы жана 1993-жылдан Кыргыз Республиканын депутаты. 1994-жылы мамлекет мүлк фондунун төрагасы. 1996-99-жылы Ош облусунун губернатору. 1999-2000-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер министри. 2001-жылдан баалуу кагаздар боюнча мамлекет фондунун төрагасы, «Биримдик» саясий партиясынын төрагасы. 
2010-жылдан 2014-жылдын апрель айына чейин "Кыргызалтын" жана "Центерра" (Канада) ААКсыларынын директорлор кеңешинин төрагасы, 2010-жылдын 14-июлунан баштап 21-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри болгон.
  (79 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: