p

2-август, 1990-жылы Ирак Кувейтке кол салган

Дүйнө
Ирак Кувейтке кол салган. Бул жаңжал 2 күнгө созулуп Персид булуңундагы согушка алып келген.
1990-жылы 18-июлда Саддам Хусейн Кувейтти чек арадан Ирактын мунайын мыйзамсыз түрдө өндүрүп жатышканын айтып, компенсациясына 14 миллиард карызын кечирип, үстүнө 2,5 миллиард доллар кошуп беришин талап кылган. Кувейттин шейхи Джабер аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах талаптарды аткаруудан баш тарткан.   
Ирактын аскерлери чек арага жыйналып, Саддам Хусейн көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын айткан. 1-августтагы сүйлөшүүлөр Ирак тарабынан токтотулган.
2-августта саат 2:00дө ирактык 120 миң аскер жана 350 танк Кувейтке кол салган. Ошол эле күнү ирактык аскерлер эмирдин сарайын басып алышкан. Эмир Сауд Аравияга качып кеткен. 
4-августта кувейттик армия талкаланып, өлкөнүн аймагы ирактык аскерлердин башкармасына өткөн. 
8-августта Ирак менен Кувейт бириккени жарыяланган. Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр Иракка каршы болуп, АКШнын башкармачылыгы менен эл аралык коалиция тарабынан болгон аскердик аракетинен улам Кувейт февралдын аягында Ирактын аскерлеринен бошотулган. 2002-жылы Саддам Хусейн официалдуу түрдө Кувейттен кечирим сураган, бирок Кувейт кечирүүдөн баш тарткан. 
  (36 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: