|
|
p
16-август, 2014-жылы Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионалдык бий искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Мелис Асылбашев каза болгон
Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкекте төрөлгөн. Ал 1967-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды аяктаган. 1972-жылдан бери балетмейстерлик менен алектенип келген. 1982-жылдан өмүрүнүн аягына чейин “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп эмгектенген. Аталган бий ансамбли “Ак куу”, “Миң кыял”, “Беш ыргай”, “Пахтачылар бийи”, “Ак тамак, көк тамак”, “Майрам шаңы” аттуу кыргыз бийлерин, ошондой эле казак, түркмен, еврей, индия, цыган жана башка улуттардын бийлерин жогорку чеберчиликте аткарып келишет. 2001-жылы өлкөнүн хореография искусствосуна кошкон салымы үчүн Асылбашев жогорку даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган. Мелис Асылбашев Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатына татыган. Мелис Асылбашев 67 жаш курагында каза болгон. (12 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |