|
|
p
30-ноябрь, 1951-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков туулган
V, VI чакырылыштардагы "Ар-намыс" фракциясынан ЖКнын депутаты Анвар Артыков Ош областынын Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1977-жылы Анжиян пахтачылык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча аяктаган. 1989-1991-жылдары - КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу. Эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу булгаары тазалоо конторасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1973-1975-жылдары Мосвка аскердик округунда аскер кызматын өтөгөн; 1979-1981-жылдары Ош автобазасында башкы инженер болуп иштеген; 1981-1984-жылдары - КамАЗ автомашиналарын тейлөө жана тетиктер менен камсыз кылуу борборунун Ош аймактык бөлүмүнүн директору; 1984-1991-жылдары – Ош обкомпартиясынын өндүрүш бөлүмүндө инструктор, Жалал-Абад обкомпартиясынын экинчи катчысы, Кыргызстан Компартиясынын БКнын иш башкаруучусу; 1999-2000-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; 2004-2005-жылдары Дүйнөлүк банктын энергетика жаатындагы долбоорун жетектеген;2005-жылы Ош областынын Элдик кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2005-жылы Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткарган; 2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы, ал эми 2015-жылдын октябрь айында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Депутат Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, 5 баланын атасы.
(75 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |