p

11-август, 1986-жылы Ырчы Мирбек Атабеков төрөлгөн

Кыргызстан
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси Мирбек Атабеков Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке бара баштаган. 6-классты аяктап, Бишкекке бир туугандары менен көчүп келип, №50 мектеп гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган. 2006-жылы Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.
2014-жылдын 23-сентябрында жубайы Мээрим экөөнүн үйлөнүү тою өткөн. 2015-жылдын 21-ноябрь күнү уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө саякат жасоону жакшы көрөт. Буга анын социалдык тармактагы чет жерлерде үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү далил.
  (40 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
11.08.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туулган күнүңүз менен Мирбек Атабеков.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: