p

15-август, 1965-жылы СССРде режиссёр Андрей Кончаловскийдин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Биринчи мугалим” тасмасы экранга чыккан

Кыргызстан
СССРде режиссёр Андрей Кончаловскийдин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Мосфильм” жана “Кыргызфильм” киностудиялары тарабынан тартылган “Биринчи мугалим” тасмасы экранга чыккан. Анда башкы ролдорго таланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен казак актрисасы Наталья Аринбасарова тартылган. Бул ролу үчүн Наталья Аринбасарова 1966-жылы Венециядагы эл аралык кинофестивалынын «Волпи» кубогун жеңип алган. 
Тасманын мазмуну: 1923 жыл. Орто Азияда жарандык согуш токтогон менен басмачылар али толук жоюла элек учур. Комсомолдун тапшырмасы боюнча кызыл аскер Дүйшөн элет жерине мектеп ачканы келет. Жергиликтүү калк анын умтулган талабына көңүл кош мамиле кылат. Көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан окуучулардын жаркын келечегине ишенген Дүйшөн чечкиндүү кадамдарга барып, көздөгөн максатына тынбастан барат.
"Биринчи мугалим" тасмасы төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:
* 1966-жылы Киев шаарында өткөн Бүткүл союздук II кинофестивалында "Советский экран" журналынын атайын сыйлыгынын жеңүүчүсү. Тасма сынактан тышкары катышкан;
* 1966-жылы Рим шаарында өткөн II Эл аралык кинофестивалда "Капитолий Юпитер" сыйылыгын алган;
* 1966-жылы Социалдык маселелерди изилдөө боюнча улуттук институтунун сыйлыгына ээ болгон;
* 1967-жылы Йерде өткөн жаш кинематографисттердин эр аралык кинфестивалынын калыстарынын атайын сыйлыгы.
  (61 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: