p

3-август, 1980-жылы Москвада XXII Жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи болгон

Дүйнө
Москвада XXII Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи В.И.Ленин атындагы Борбордук стадиондо болгон. Олимпиада гимнинин коштоосунда Олимпиада оту акырындык менен өчкөн. 4,5 миң аскер жаратып жаткан экранда "Доброго пути!" жазуусу менен бирге ошол Олимпиаданын белгиси болгон аюу пайда болуп, анын көзүнөн жаш тамган. 
Жабылуу аземинин акырында стадионго спортчулар менен бирге колуна көптөгөн түстүү шарларды кармаган "аюу чыккан". Ал кол булгалап коштошуп, акырындык менен асманга көтөрүлүп учуп кеткен. Коштошуу аземинде күйөрмандардын жана спортчулардын ыйлаганын байкоого болгон. 
  (46 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: