|
|
p
19-август, 2004-жылы "Гугл" компаниясы өзүнүн акцияларын фондулук базарда сата баштаган
Компанияны 1998-жылы 4-сентябрда Ларри Пейж жана Сергей Брин негиздеген. Ларри Пейж, Сергей Брин жана Эрик Шмидт 2024-жылга чейин чогуу иштешүү келишимин түзүшкөн. Компаниянын максаты - бардыгын жеткиликтүү жана пайдалуу маалыматтар менен камсыздоо.
2004-жылы 19-августта өзүнүн акцияларын фондулук базарда сата баштаган.
(22 жыл мурун)
Компания 19 605 052 акциясын 85 долларга (бир акция үчүн) сатууну сунуштаган. Акциялар уникалдык форматтагы онлайн-аукциондо сатылган. Түшкөн киреше 1,67 миллиард долларды түзүп, "Гугл" компаниясынын базар капитализациясы 23 миллиард долларды түзгөнүн аныктаган. Бул сандар жылдан-жылга жогорулап жатат. 2014-жылы 12-февралда компаниянын базар капитализациясы 400 миллиард долларды түздү. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |