|
|
p
22-октябрь, 1946-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Туз-Бел айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1971-жылы Куйбышев атындагы Самаркан кооператив институтун бухгалтер адистиги боюнча, Экономикалык факультетин соода-экономисти адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Өзгөн районундагы Үлгүлүү орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими катары баштаган. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин институттун жолдомосу боюнча Фрунзедеги кооператив техникумунун Жалал-Абаддагы филиалынын окутуучусу катары кабыл алынган, ал жерде 1974-жылга чейин эмгектенген. 1974-1975-жылдары – Жалал-Абад универсалдуу соода базасынын соода бөлүмүнүн начальниги, директорунун орун басары; 1975-жылдын майынан 1979-жылдын июнуна чейин – Кара-Суу райондор аралык базанын директору; 1979-жылдын июнунан 1984-жылдын ноябрына чейин – Жалал-Абад универсалдуу соода базасынын директору; 1976-1979-жылдары – эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин депутаты; 1981-жылдан 1984-жылдары – эл депутаттарынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты; 1984-жылдын ноябрынан – Ош облустук Керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары; 1987-жылдын апрелинен – Жалал-Абад шаардык сооданын директору, андан кийин Ош облустук аткаруу комитетинин соода башкармалыгынын начальниги; 1991-жылдын 7-майында Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы, ал эми 1992-жылдын февралында Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. 1994-жылдын июнунда кайрадан Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган, ал эми 1996-жылдын октябрында – облустук керек-жарак союзунун консерва заводунун директору; 1990-1995-жылдары Жалал-Абад шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты, ал эми 1995-жылы - №37-Жаңы-Арык шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты; 1998-жылдын сентябрынан баштап - Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясынын Ош аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, ал эми Ассоциация Ош облустук керек-жарак союзу болуп кайра аталгандыгына байланыштуу 1999-жылдын 23-декабрынан баштап – Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы; 2006-жылдын апрелинде № 39 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, ушуга байланыштуу 2006-жылдын 5-октябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулган. 2007-2010-жылдары – “ОПС” ЖЧКнын директору. 2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социалдык-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
(80 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |