|
|
p
16-октябрь, 1886-жылы Азыркы Израилдин негиздөөчүлөрүнүн бири Давид Бен-Гурион төрөлгөн
Азыркы Израилдин негиздөөчүлөрүнүн бири, эки жолу өкмөт башчы болгон Давид Бен-Гурион төрөлгөн. Ал сионизмдин ишмери, Палестинадагы жөөттөр кыймылынын лидери, Израилдеги Еврейлер агенттигинин төрагасы (1935-1948), Израилдин премьер-министри (1948-1953 жана 1955-1963-жылдары), Израилдин алгачкы 10-бийлигинде коргоо министри, Израилдин 3-бийлигинде транспорт министри болгон. Давид Бен-Гурион 1948-жылы 14-майда Израилдин эгемендүүлүгүнүн декларациясын жарыялап, Израилди башкара баштаган. Анын башкаруусунда Израиль өзүнүн эгемендүүлүгүн Араб-Израиль согушунда сактап кала алган (1947-1949). Давид Бен-Гурион 1973-жылы 1-декабрда каза болгон.
(140 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |