p

31-июль, 1960-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев туулган

Кыргызстан
Саясий ишмер, “Содружество” партиясынын лидери Өмүрбек Субаналиев Талас шаарында туулган. Ал 1981-жылы СССР ИИМ Карагандадагы Милициянын Жогорку мектебин аяктаган.
Эмгек жолун 1981-1986-жылдары Талас облусунун ИИБ кызматкери болуп иштөөдөн баштаган. 
1986-1989-жылдары – Фрунзе шаарындагы Ленин ИИБ кызматкери;
1989-1990-жылдары – Аламүдүн ИИБ ОБХСС башчысы;
1990-1991-жылдары – Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарынын ИИБ башчысынын орун басары; 
1991-1992-жылдары – Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын ИИБ башчысы;
1993-жылдын март айынан тартып ошол эле жылдын майына чейин – Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын ИИБ башчысы;
1993-1994-жылдары – "Улуттук ар-намыс жана прогресс" ассоциациясынын вице-президенти;
1994-1995-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Салык полициясынын Оперативдүү тергөө башкармалыгынын башчысы;
1995-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, паракорлук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү комиссиясынын төрагасы;
1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы;
1999-жылы – "Феликс Куловдун коомдук фондунун" директору;
2003-жылы – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкери;
2003-жылы, сентябрь – Нарын облусунун ИИБ башчысы;
2005-жылы, 24-март – Бишкек шаарынын ИИБ башчысынын милдетин аткаруучу;
2005-жылы, 13-май – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын ИИБ башчысы;
2005-жылы, 18-июль – отставкага арызын жазган, ошол эле учурда Баткен облусунун ИИБ башчылыгынын кызматынан баш тарткан;
2005-жылы, 24-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
2006-жылы, 6-ноябрь – КР Ички иштер министринин м.а.;
2007-жылы – Президенттин администрациясынын коргоо, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылы, январь – 2009-жылы – Нарын облусунун губернатору;
2010-жылы, 12-июнь  – Ош облусунун ИИБ башчысы, 7 күн иштеген.
2019-жылы 4-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган. 
  (66 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: