p

18-ноябрь, 1941-жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон

Дүйнө
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов 1893-жылы 1-январда Орусиянын Петровск шаарында туулган. Ал 1918-жылы Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918-1920) катышкан. 1923-жылы Украинанын Киев шаарындагы Бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүрүп, 1938-1941-жылдары Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп иштеген. 1941-жылы июлда Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316-аткычтар дивизиясынын командири болуп, октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн. Иван Панфилов 48 жашында согуш учурунда жанында жарылган жардыргыч заттан улам оор жаракат алып курман болгон. 1942-жылы 12-апрелде ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйыгарылган. Анын эстелиги Казакстандын Алматы шаарында, Кыргыз мамлекетинин борбору Бишкекте жана өзү курман болгон Гусенёво айылында орнотулган. Ошондой эле анын ысымы Орто Азия өлкөлөрүндөгү жана СССРдин аймагындагы мектептерге, шаарларга жана көчөлөргө ыйгарылган.  (85 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: