p

24-февраль, 1977-жылы милициянын полковниги Толкунбек Шоноев туулган

Кыргызстан
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев Ош шаарында туулган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин Бишкектеги жогорку мектебине тапшырып, жогорку окуу жайын 1998-жылы аяктаган.
1998-жылдан тарта Ош Облусунун Алай райондук ИИБинин кызматкери, андан соң Ош шаарынын ИИБинин опер кызматери болуп иштеген.
2003-жылы Ош ИИБинин мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүм начальниги болуп дайындалган; 
2006-жылы Ош шаардык ИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм башчысы болуп иштеген;
2006-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин улук опер кызматкерлигине которулган;
2009-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИИМинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган;
2011-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча бандитизм, буюртма адам өлтүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.
Ага "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, Кыргыз Республикасынын ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын юбилейлик медалы, Макаров ок атуучу өздүк пистолети жана башка бир катар төш белгилер жана медалдар ыйгарылган.
2013-жылы 11-январда кечке жуук Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөөсү денесине тийген полковник каза болгон.
  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: