p

15-июнь, 1975-жылы Интернет аркылуу жылдызы жанган казакстандык МС Сайлаубек туулган

Дүйнө
Интернет аркылуу жылдызы жанган казакстандык МС Сайлаубек Казакстанда Атырау шаарында туулган. МС Сайлаубек атактуулукка интернеттеги видеосу менен таанылган. Анын айтымында, аны балдар сабап кетишкен соң түшүнбөгөн тилде рэп айтып жатканда кимдир-бирөө тартып алган. Кийин ал видео интернетте көп кароолорго ээ болгон. Бала кезинде эле рэп ырларын көп укчу. Чет тилин билбегендиктен өзүнө айтканга оӊой кылып ыӊгайлаштырып ырдай берип, ушундай деӊгээлге жеткен. Анын рэп айтууга тембри бар экенин жана ал эч кимге окшошкусу келбестигин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айткан. Андыктан түшүнүксүз тилде ырдаганы – бул анын фишкасы. Өзгөчө стилде рэп айтуу менен элдердин маанайын көтөрүп, позитив тартуулагысы келет. Атыраудагы Агрардык-техникалык окуу жайды бүтүргөн. Көркөм окуу боюнча бир катар сынактардын жеӊүүчүсү болгон.   (51 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: