p

19-октябрь, 1812-жылы Наполеон жетектеген француз армиясы Москвадан чегинүүгө аргасыз болгон 

Дүйнө
1812-жылдын 1-сентябрында Наполеон Бонапарт асманга чаң сапырган француз аскерлери менен Москвага кирип келген. Орус армиясы бул учурда француз аскерлеринин көптүгүнөн акырындык менен чегине баштаган. Алардын артынан миңдеген шаар тургундары дагы чоочун аскерлерди өз шаарынан көргүлөрү келбей чыгып кете башташат. Аңгыраган бош шаар Бонапарттын түзгөн стратегиялык планына төп келбей калат. Көп өтпөй шаарда тездик менен каптаган өрт чыгып, француз аскерлерине бир топ кыйындыкты жаратат. Бир нече мезгилге жетчү азык запасынан куру калган аскерлер ээн калган дүкөндөрдү талкалап киришип, анча-мынча кете албай калган тургундарды тоношуп, алаамат баштап жиберишет. Көп өтпөй Москванын сөөктөн өткөн ызгаар суугу түшүп, француз аскерлерин кыйла жүдөтөт. Көптөгөн кыйынчылыктардан жана Кутузовдун акылдуу иш-аракеттеринен улам 19-октябрда Наполеон жетектеген француз армиясы Москвадан чегинүүгө аргасыз болгон. 

  (214 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: