p

17-октябрь, 1994-жылы коррупция боюнча жазган макалалары менен таанылган орусиялык журналист Дмитрий Холодов өлтүрүлгөн

Дүйнө
27 жаштагы орусиялык журналист Дмитрий Холодов Москвадагы өзү иштеген “Московский комсомолец” гезитинин редакциясында портфель-дипломаттагы жардыргыч заттын жарылганынан улам каза болгон. Кесиптештеринин айтымында, Холодов дипломатта курал-жарактар менен мыйзамсыз соода кылуу боюнча документтер бар экенин айткан. Бул кылмыштын жүзү ушул күнгө чейин ачылган эмес. Журналист каза болгон жылы Орусиянын Журналисттер союзунун жана “Прессанын эркиндиги үчүн” сыйлыктарына татыган. Д.Холодовдун аты Климовск шаарындагы ал окуган №5-мектепке жана көчөлөрдүн бирине берилген. Ошондой эле гезиттин редакциясынын имаратында эскерүү тактасы орнотулган. Ал Орусия армиясындагы коррупция жөнүндөгү макалалары менен белгилүү болгон.  (32 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: