|
|
p
12-октябрь, 2015-жылы Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50 абактан жалпы 9 адам качып чыккан
11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 СИЗОдон качкан 9 кылмышкердин чуусу бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөӊгө салган. Алар аталган абактан ЖАМКнын 3 кызматкерин муунтуп өлтүрүп, бирөөнүн башын жарып из жашырышкан. Ошол эле түнү алардын бешөө жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, 4 коркунучтуу делген кылмышкер из жашырып кетишкен. Бул чуунун аягы бүтпөй, кылмышкерлерди издөө, аларды ликвидациялоо, колго түшкөндөрдү абакта кармоо учурунда алардын жан берүүсү сыяктуу окуялардын хронологиясы 10 күнгө созулган. Абактан качкандар чуусунун алкагында жалпы 10 күндүн ичинде күч түзүмүнүн 5 кызматкери, 2 жөнөкөй жаран, 6 кылмышкер болуп, жалпы 13 киши о дүйнө салган. (11 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |