|
|
p
18-октябрь, 1867-жылы Аляска жарым аралы АКШга сатылган
1 миллион 718 миң чарчы чакырым жерди ээлеген Аляска жарым аралы сатылган. Алясканы сатуу боюнча келишимге Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда 1867-жылы 30-мартта кол коюлган. Аталган аймак 7,2 миллион долларга сатылган. Аляска аймагын сатуу идеясы 1866-жылы 16-декабрда Александр II, князь Константин Николаев жана Каржы министрлиги катышкан жыйында көтөрүлгөн. Аталган иш-чарага катышкандар жерди сатуу идеясын жактырышкан. 1867-жылы Орусиянын желеги түшүрүлүп, АКШнын желеги расмий түрдө көтөрүлгөн. Аталган салтанатка АКШнын 250 жоокери параддык формалары менен катышкан. (159 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |