p

27-октябрь, 1811-жылы Кийим тигүүчү машинанын толук механизмин иштеп чыккан жана "Singer Manufacturing Company" фирмасын негиздеген ишмер Исаак Зингер туулган

Дүйнө
Исаак Меррит Зингер Нью-Йорк штатында, 1811-жылы, 27-октябрда жарык дүйнөгө келген. Ал Адам Рейзингер аттуу тегирменчинин 8-баласы болгон. Апасынын аты Рут Бенсон. Исаак Меррит Зингер кийим тигүүчү машинкадан башка темир кесүүчү станок да иштеп чыккан. Актёрдук топ да түзгөн. Түзүүчү, актёр, инженер да болуп иштеген. 
Тигүүчү машинканы Зингер ойлоп тапкан деп эч ким айтпайт, себеби машинкалар Зингерге чейин эле бар болчу. 1851-жылы Зингер Нью-Йорктогу Тейлордун фабрикасынын тигүүчү машинкаларды оңдогон устаканасына орношот. Ал убакта машинкалардын сапаты жана механизм мыкты болбогондуктан бат-баттан бузула берчү. Исаак Зингер тигүүчү машинанын механизмин жана түзүлүшүн аягына чейин бир жумада иштеп чыгып, жогорку деңгээлге жеткирип, кынтыксыз иштеп чыккан. Демек ал даяр агригадды гана толугу менен аягына чыгарды десек туура болот. Ошондой эле Исаак Меррит Зингерге таандык “Singer Manufacturing Company” тиричилик техникасын бөлүп төөлөгө (рассрочка) берген биринчи компания болгон деген маалыматтар бар.
  (215 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: