p

17-ноябрь, 1989-жылы Чехословакияда "Баркыт революциясы" башталган

Дүйнө
1989-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прага шаарында "Баркыт революциясына" жол ачкан студенттик демонстрациялар башталган. Анда студенттер 1939-жылы Чехияны улутчулдардын басып алышына каршы көтөрүлүштө каза болгон студент Ян Оплеталды эскерүү максатында көчө акциясын уюштурушкан. Окуя бара-бара саясий мүнөзгө ээ болуп, 18-ноябрда акцияга катышкан студенттерге чыгармачыл интеллигенция кошулган. Ал эми 21-ноябрда Чехиянын кардиналы Франтишек Томашек бул оппозицияны колдоорун билдирген. Чехословакиядагы саясий режимге каршы бул көтөрүлүш демократия, көзкарандысыздык ураандарынын алдында өткөн. Революция Чехословакиядагы коммунисттик режимди кулатып, өлкөдөгү саясий абалды түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Төңкөрүштүн жыйынтыгында Чехословакиянын парламенти коммунисттик эмес өкмөттү жарыялап, өлкөнүн президенти болуп Вацлав Гавел шайланган.  (37 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: