p

22-ноябрь, 1944-жылы Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан

Дүйнө
Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан. Ал 1872-жылы 30-январда Орусиянын Петербург шаарында профессордун үй-бүлөсундө туулган. Бала чагында ырдап, скрипкада ойноп, оюнчуктардын үлгүлөрүн жасаганды жакшы көрчү. Аскер окуу жайын аяктаган соң спектаклдерде ойноп, конструкция кылууну уланткан. 1910-жылы Петербургдагы Элдик үйдүн актёру болуп жумушка орношот. Ошол эле жылы бир учкучтун өлүмүнөн таасирленип, аэроплан кырсыкка учураган мезгилде учкучтар жерге түшө ала турган аппаратты - парашютту ойлоп табууну чечкен. Ошентип Г.Котельников РК-1 үлгүсүндөгү парашютту 10 айдын ичинде иштеп чыгып, 1912-жылы июнь айында аны сыноодон өткөргөн. Г.Котельников мындан тышкары жүргүнчүлөрдү куткаруучу коллективдик парашютту, жүктөрдү дагы жерге алып тушө ала турган парашютту ойлоп тапкан. 1926-жылы ал бардык ойлоп тапкан нерселерин Совет өкмөтүнө тапшырган.  (82 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: