p

23-ноябрь, 1887-жылы рентген нурларын негиздеген окумуштуулардын бири, англиялык физик Генри Мозли туулган

Дүйнө
Рентген нурларын негиздеген окумуштуулардын бири, англиялык физик Генри Мозли жарыкка келген. Генри Гвин-Жефрис Мозли Англиянын Уэймут аймагында туулган. Оксфорд университетинин Итон жана Тринти колледждеринде билим алган. 1910-жылдан 1914-жылга чейин англиялык физик Эрнест Резерфорддун Манчестер университетиндеги лабораториясында, андан соң Оксфорд окуу жайында иштеген. 
Анын илимий эмгектери бета, гамма жана рентген спектроскопиясына тиешелүү болуп саналат. 1913-жылы окумуштуу эксперимент жүргүзүп, жыйынтыгында мүнөздүү рентген нурларынын спектрдик сызыктарынын тыгыздыгы жана нур тараткан элементтин атомдук номеринин ортосундагы көз карандылыкты аныктаган. Мындан тышкары рентген нурларынын толкундарынын узундугун өлчөп, кээ бир элементтердин рентгендик спектрлерин алдын ала айткан. 1914-жылы китеп чыгарып, анда мезгилдик жадыбалда алюминий жана алтын элементтеринин ортосунда дагы башка 4 элемент туруш керек экенин жазган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Генри Мозли фронтко жөнөтүлүп, 1915-жылы 10-августта Галлиполий жарым аралында көз жумган. 

  (139 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: