|
|
p
21-ноябрь, 1916-жылы "Британик" кемеси чөгүп кетип, 30 адам көз жумган
Эгей деңизинде "Титаник" кемесинин "эгизи" деп эсептелген "Британик" кемеси немистердин минасына тийип, 55 мүнөт өткөн соң чөгүп кеткен. Кеменин бортунда 1066 адам болуп, анын 30у курман болгон. Куткаруучулар калган 1036 адамдын өмүрүн сактап калышкан.
Аталган кеме Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы согуш аракеттеринде активдүү колдонулган. 2000-жылы Брайан Тренчард-Смит аттуу режиссёр бул окуяга байланыштуу "Британик" деген аталыштагы көркөм тасма тарткан.
(110 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |