|
|
p
9-ноябрь, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жаңы өкмөттү бекиткен
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жаңы өкмөттү бекиткен. Жогорку Кеңеш 9-ноябрда Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекиткен. Анда Өкмөттүн жаңы курамына 112 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берген.
Өкмөттүн курамы: – премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП) – биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев (КСДПнын квотасы) – экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП) – чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП) – социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон) – билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон) – эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон) – өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП) – тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП) – маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП) – транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон) – ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон) – юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП, буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон) – каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП) – экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан") – өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП) – саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП) – айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон) Өкмөт 24-октябрда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыккандан кийин отставкага кеткен. (10 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |