p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

19-декабрь, 1915-жылы Немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган

Дүйнө
Немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган. Ал алкоголдук психоз, шизофрения, эпилепсия, мээнин сифилиси, Хантингтондун хореясы, пресенилдик психоз сыяктуу темалардагы макалалардын автору. А.Альцгеймер 1864-жылы 14-июнда Германияда төрөлгөн. Варцбург шаарында медициналык билим алып, 1887-жылы 23 жашында докторлук диссертациясын жактаган. Франкфурт-на-Майне шаарында нерв ооруларынын психиатриялык клиникасында ассистент болуп иштеп, эмгек жолун баштаган. Альцгеймер нерв системасынын патологиясын өздөштүрүүгө чоң салым кошкон. Өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып, ал нейродегенеративдик генез менен акыл жетишсиздигинин ортосундагы айырмаларды сүрөттөгөн. 1906-жылы Альцгеймердин 50 жаштагы Огюст аттуу бейтабы эс-тутумун жоготуудан жабыркап, галлюцинацияга кабылып, оорусу күчөгөндө 55 жашында каза болгон. Дарыгер бул ооруну 5 жыл изилдеп, анын мээсинин сырткы кабыгы ичкерип кеткендигин байкаган. Мындан улам анын кесиптеши Эмиль Крепелин карыгандагы акыл жетишсиздигинин бир түрүн Альцгеймердин атынын атаган. Себеби, бул ооруну эң биринчи Альцгеймер изилдеп, сүрөттөгөн эле. Альцгеймер оорусу менен көбүнчө 40-60 жаштагы адамдар жабыркайт. Бул илдет эс-тутумдун начарлашына, жумушка болгон жөндөмдүн азайышына жана убакыттагы, мейкиндиктеги дезориентацияга алып келет.  (110 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: