p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

19-декабрь, 2016-жылы Орусиянын Түркиядагы элчиси атып өлтүрүлгөн

Дүйнө
Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов полицияда 2,5 жылдан бери иштеген 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкердин огунан каза болгон. Көргөзмөдө жүрүп, окуяга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов күбө болгон. "Өзбекстандын элчиси, мен жана Андрей Карлов көргөзмөдө катар сүйлөшүп турганбыз. Бир жигит ары-бери басып жүргөн. Аны жан сакчы деп ойлоптурмун. Карлов сөз алып, сүйлөй баштаганда эле тарсылдатып туш тарапка аткылай баштады. "Аллах акбар, баарыңар жерге жаткыла" деп кыйкырды. Мен айдоочум менен эле баргам, жарадарлардын арасында кыргыздар жок. Көргөзмөдө жалпысынан 150дөй адам бар болчу", - деп билдирген элчи. Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяны "Түркия менен биргеликте Сириядагы абалды турукташтырууга болгон аракетти токтотууга болгон провокация" деп атаса, Алмазбек Атамбаев аны террордук акт деген. Күбөлөр кылмышкер бөлмөгө киргенде аны элчинин жан сакчысы деп ойлошкон. NTV телеканалынын билдирүүсү боюнча, Мевлют Мерт Алтынташ элчини аткан соң көргөзмөгө келгендердин тарашын талап кылып, жерде жаткан Карловду дагы бир нече жолу аткан. Аны окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери атып жок кылышкан. Бул кылмыштан улам дагы 3 адам жаракат алган.   (9 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: