|
|
p
16-август, 1916-жылы Үркүн: Казымбек баштаган кыргыздар Нарын суусунун боюндагы Жан-Булак кыштагында орус аскерлеринен чегинүүгө аргасыз болушкан
Падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан-Булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу аскер каршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак-Мойнокко чегинишкен. Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августка караган түнү Кара-Кужур аркылуу Кара-Каманга, андан Балгарт, кийин Жаман Эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак-Өгүз ашуусу аркылуу Ак-Сууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, азап тартышкан.
(110 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |