p

22-август, 1847-жылы Казакстандын Копал шаарында кыргыздар менен казак урууларынын ортосундагы тынчтык келишимге кол коюлган

 
Кыргызстан
Кыргыздар менен казак урууларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр казактардын Копал шаарында жүргүзүлүп, эки тараптуу келишимге кол коюлган. Эки тараптын ийри отуруп, түз кеңешине буга чейин эки эл ортосунда орун алган барымтачылык, жер талаш жана орунсуз кагылыштар себеп болгон.
Кыргыз-казак келишимине Орусия империясы ортомчу болуп, ал каршылашкан тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оң экендигине ынандырган. Копал келишиминен кийин боордош калктар ортосундагы мамиле жөнгө салынган жана анда каралган келишим жобосунун сакталышына Орусия империясы кепилдикке кирген. 
Келишимге кыргыз тарабынан Үмөтаалы Ормонов, Жантай Атекин, Жангарач Исхожин, Токтор Карачынаровдун колу коюлуп, мөөрлөрү басылган.
  (179 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: