|
|
p
22-август, 1982-жылы ырчы Айя Садырова төрөлгөн
Ырчы Айя Садырова Бишкек шаарында туулган. Кичинекей кезинде Казакстандагы Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепкте скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөнгөн. 6-классында эң биринчи жолу алгачкы ырын жазып, гитара менен ырдап чыккан. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетине тапшырган. Шоу-бизнес дүйнөсүндө 2000-жылы Ассоль Молдокматованын жардамы менен, "Малыш" аттуу ыры аркылуу көп ийгиликтерге жетишкен. Ал актриса катары "Байланыш" кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. Айя Садырова ырчылыктан тышкары китеп жазуу менен алектенет. 2006-жылы “Сүйүү жалыны” деген аталыштагы романы жарык көргөн.
(44 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |