p

8-август, 1947-жылы Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмаш Чойбекова туулган

Кыргызстан
Акын Алматай (Алмаш) Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында туулган. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган. Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги «Чолпон» бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 1973-1975-жылдары Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жылдары Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген. Анын биринчи «Ак булут» аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан. 1981-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын 2016-жылы 14-июнда оор психикалык оорудан улам көз жумуп, бирок коомчулук билбей калган. Сөөгү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылына коюлган.  (79 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: