|
|
p
31-июль, 1928-жылы "Metro-Goldwyn-Mayer" киностудиясынын баштапкы кадрына алгачкы жолу ыркыраган арстан чыккан
Мындан, 89 жыл мурун, 1928-жылы 31-июлда "Metro-Goldwyn-Mayer" киностудиясынын баштапкы кадрына алгачкы жолу ыркыраган Слетс аттуу арстан чыккан. Ал алгачкы үн менен коштолгон тасмада пайда болгон. Кызыгы, арстандын ыркыраганы тасмадагы эң узакка созулган үн болгон, себеби, тасмада болгону "Салам!" деген гана сөз айтылган.
Логотиптин автору Ховард Дитц. Ал муну менен тумары арстан болгон Колумбиялык университетине сый көрсөткөн. Арстандын ээси Луи Гебель Metro-Goldwyn-Mayer анын алдында болгон карызын төлөбөгөндүктөн, арстанды компанияга 3 жолу саткан.
Компанияны логотибине жалпысынан 7 арстан тартылса, учурдагысы Лео 1957-жылдан тарта "иштеп" келет.
(98 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |