|
|
p
10-август, 2016-жылы Бразилияда өткөн 31-жайкы Олимпиадада Кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыков коло медалын тагынган
2016-жылы 10-августа Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта Кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөргөн. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 339 килограммды түзүп алдынкы үчтүккө кирүүсүн шарттаган.
Бирок арадан 8 күн өтпөй Иззат Артыков Эл аралык спорт арбитраждык соттун чечими менен уткан коло медалынан ажыратылган. Спортчунун заарасынан стрихнин заты табылган деп Иззат Артыков Олимпиада оюндарынан четтетилген.
(10 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |