p

15-август, 1981-жылы Түштүк Кореянын актрисасы Сон Чжи Хё туулган

Дүйнө
Адегенде модель, кийин актриса, акыркы учурда алпаруучу катары таанылып жаткан Түштүк Кореянын белгилүү актрисаларынын катарын толуктаган Сон Чжи Хё 1981-жылы туулган. Эгерде корей сериалдарын кууп көргөн сүйүүчүлөрдүн бири болсоңуз, аны 2006-жылы чыккан “Хан сарай” дорамасындагы балеринанын ролун аткарган каарман аркылуу тааныйсыз. Ал эми акыркы тартылган сериалдарынын ичинен “Тез жардам” кызматынын врачтарын” белгилөөгө болот. Ошондой эле “Тоңуп калган гүл” тасмасында башкы каармандардын катарындагы ханышанын ролу менен атагы арткан. Эми бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан актрисанын өзгөчөлүгүнө токтолсок. Анын башка корей атактуу айымдарынан айырмачылыгы бул – жасанбай-боёнбой эл көзүнө чыгуудан тартынбаганында. Популярдуу “Чуркап бара жаткан адам” шоу берүүсүнүн катышуучусу катары көрүүчүлөр актрисаны тасма талаасынан сырткары кандай экендигине күбө болушкан. Тагыраагы Сон Чжи Хё көбүнесе ал берүүгө мейк-апсыз, же билинер-билинбес боёнуп эле тартылган. Ал эми өзү бул тууралуу Түштүк Кореяда чыккан “Cosmopolitan” журналына берген маегинде минтип айткан: “Ачыгын айтсам, макияж жана стилист тандап берген кийим-кече менин кыжырымды гана келтирет”. Жыйынтыгында анын мындай кадамы такай көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынып келет.  (45 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: