p

19-сентябрь, 1888-жылы Бельгияда тарыхтагы алгачкы сулуулар сынагы өткөн

Дүйнө
Бельгиядагы курорттордун биринде тарыхтагы эң алгачкы сулуулук сынагы өткөн. Ага катышуу үчүн 350 кыз сүрөттөрүн жөнөтүшүп, финалга калыстар тобу аркылуу 21 сулуунун сүрөтү тандалган. Алар “сулуулук ханышасы” титулу үчүн ат салышып, калың элге таанылбоо максатында атайын даярдалган жана чоочун элге кирүүгө тыюу салынган үйдө жашашкан. Ал эми сынакка жабык экипаж менен жеткирилип турган. Кызыгы сынакка катышкан кыздардын баары узун көйнөктөрдү кийип чыгышса, көрүүчү катары келген эркектердин баары фрак кийип отурушкан. Жеңүүчү катары 18 жаштагы Гваделупанын сулуусу Берта Сукаре табылып, сыйлык иретинде 5 миң франкка ээ болгон. Ал кезде сулууларга таажы ыйгаруу салты баштала элек эле. Бирок сулуунун кийинки жашоосу белгисиз бойдон калган.   (138 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: