|
|
p
11-октябрь, 1975-жылы Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров туулган
Аскаров Замирбек Марипбаевич 1975-жылдын 11-октябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин География адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" адистигин бүткөн. Эмгек жолу: 1999-2005-жылдары — Ош мамлекеттик университетинин мугалими, жаштар комитетинин төрагасы; 2002-2006-жылдары — Ош шаардык туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы; 2006-2012-жылдары — Ош шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы; 2012-2013-жылдары — Ноокат районунун акими; 2014-2018-жылдары Ош шаарынын биринчи вице-мэри; 2018-жылдын 20-апрелинен тарта экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр. Сыйлыктары жана наамдары: — Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлигинин ардак грамотасы; — Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги; — Билим берүүнүн отличниги төш белгиси; — Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; — "Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
(51 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |