p

1-июнь, 1967-жылы Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов төрөлгөн

Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Фрунзе шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.
 
Билими: Фрунзе шаарындагы №58 орто мектебин бүтүргөн, 1994-жылы Бишкек коммерциялык колледжин аяктаган, 1998-жылы "экономист" адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
1987-1989-жылдары -  "Тяжэлектромаш" заводунун слесардык-механикалык бөлүмүнүн устаты;  
1989-1991-жылдары - Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992-1996-жылдары - "Илбирс" ААКнын жумушчусу, начальниги;
1997-2001-жылдары - "Кыргызавтомаш" ААКнын бөлүм башчысы, коммерциялык директору;   
2002-2004-жылдары - "Кыргызавтомаш" ААКнын аткаруучу директору;
2005-2006-жылдары - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;  
2006-2010-жылдары - Ишкердик иш-аракеттер;
2010-2011-жылдары - "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору;
2011-2012-жылдары - "Дастан" заводунун башкармалыгынын төрагасы;
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары; 
2013-2016-жылдары - "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКнын башкармалыгынын, Директорлор кеңешинин төрагасы;
2016-жылдын 27-февралында Бишкек шаардык кеңештин XXIX кезексиз сессиясында депутаттардын көпчүлүк добуштары менен Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.
2018-жылдын июль айында Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечиминин негизинде ал кызматтан алынган.
https://www.super.kg/kabar/news/238703/https://www.super.kg/kabar/news/238703/
  (59 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: