|
|
p
6-июнь, 1956-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев төрөлгөн
1956-жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2001-жылы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүрүп, экинчи кесипке - менеджер адистигине ээ болгон. Эмгек жолу: 1973-жылы — Нарын шаарындагы темир-бетон чыгаруучу заводдо жумушчу; 1978-1979-жылдары — "Колхозчу" ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинде машыктыруучу; 1978-1981-жылдары — В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда дене тарбия кафедрасынын мугалими; 1981-1991-жылдары — К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окутуучу, ага окутуучу, дене тарбия кафедрасынын башчысы, 10 жылдан ашуун Кыргыз мамлекетинин волейбол федерациясынын жетекчиси; 2005-2007-жылдары — Жогорку Кенештин депутаты; 2016-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2017-жылы 25-октябрда Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катарынан "фракциянын талаптарын аткарбаганы үчүн" фракциядан чыгарылган. Учурда ал эркин депутат. Сыйлыктары, наамдары: 2003-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Ошондой эле "Манас—1000", "Ош —3000", "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" эстелик медалдарынын ээси; Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар; Волейбол боюнча спорт чебери; - Республикалык волейбол федерациясынын ардактуу президенти; - Ат оюндар федерациясынын вице-президенти; - Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору; - Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги; - "Белбоо күрөшү" федерациясынын вице-президенти (2011-жылы); - Белбоо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти (2015-жылы). (70 жыл мурун)Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |