|
|
p
27-июль, 2018-жылы Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салган
27-июлда Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында узакка созулган оорудан таңкы саат 6:00дө каза болгон. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт.
1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган.
1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. 1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.
(8 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |