p

27-июль, 1900-жылы Тез татымдардын "падышасы"  гамбургер пайда болгон

Дүйнө
1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон. Гамбургерлер 1904-жылы Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн дүйнөлүк көргөзмөдөн соң калың элге аты тараган. 1930-жылдардын башында Канзас шаарынын тургуну Уолтер Андерсон "White Castle Hamburger" деп аталган тез татымдар тармагын ачып, анын негизги тамагы гамбургер болгон. Ал эми 1948-жылы бир туугандар Макдональд жана Рей Крок McDonald's тез татымдар тармагын ачышкан. Анын гамбургерлери учурда дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда сатылууда.  (126 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: