|
|
p
31-июль, 1966-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бакир Таиров туулган
Бакир Таиров 1966-жылы 31-июлда туулган. 1999-жылы Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. 2011-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.
1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн; 1996-1997-жылдары Ош шаарындагы Төлөйкөн аймактык милициясында өспүрүмдөр менен иштөө боюнча аймактык инспектор; 1997-1999-жылдары Ноокат райондук милиция бөлүмүндө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкер; 1999-2000-жылдары ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Жалал-Абад жана Ош облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгында экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча опер кызматкери; 2000-2001-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкер; 2001-жылы ИИМдин түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкери; 2001-2002-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкери; 2002-2003-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүндө опер кызматкери; 2003-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө ага опер кызматкери; 2003-2004-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери; 2004-2006-жылдары ИИМдин алдындагы күч түзүмдөрүндөгү жана укук коргоо, фискалдык органдардагы кызматтык кылмыштар боюнча опер кызматкери; 2006-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында Мамлекеттик кызматтардагы кылмыштар менен күрөшүү, кылмыштуу жол менен келген кирешелерди ачыктоо боюнча опер кызматкери; 2006-2007-жылдары Финансы полициясынын Ош шаарындагы бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча опер кызматкери; 2007-жылы Бишкек шаардык Финансы полициясынын салык жана финансы боюнча мыйзам бузуулар жана салык, финансы органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы; 2007-2008-жылдары Өкмөттүн алдындагы Финансы полициясынын Мамлекеттик органдардагы экономикалык жана кызматтык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматтык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы; 2008-2010-жылдары Финансы полициясы кызматынын Түштүктөгү аймактар аралык башкармалыгынын башчысы; 2011-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Банк жана финансы тармагын коргоо бөлүмүндө опер кызматкери;
2011-2012-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу жана Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2013-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгында Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүм башчы; 2013-2017-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу башкармалыгынын башчысы; 2017-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз кирешелерине бөгөт коюу боюнча Үчүнчү башкармалыктын башчысы; 2017-2018-жылдары ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары; 2018-жылы ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы; 2018-жылдын 28-апрелинен тартып Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы.
(60 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |