p

31-июль, 1995-жылы Кыргыз футболчусу, Испания футболдук клубу менен келишим түзгөн Айдана Оторбаева туулган

Кыргызстан
Айдана Оторбаева 1995-жылы, 31-июлда Бишкек шаарында туулуп өскөн. Ал футболду 5 жашынан бери ойноп баштаган. Кичинекей кезинде кыздарга караганда балдар менен көп ойночу. Эң алгач 2-классында өзү окуган мектептин "Эриал" командасында ойноп баштаган. Мектеп командасында ойноп жүргөн кезинде республикалык мелдешке катышып, андан кийин "Азалия" командасына кабыл алынган. Бирок ал жакта өзүнөн улуу кыздар ойногондуктан футболго олуттуу карабай, ойноодон баш тарткан. Ошентип 11 жашында кайрадан өзү теңдүү кыздар менен ойноп, футболго болгон кызыгуусу арта баштаган. "Абдыш-Ата" клубунда ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Үй-бүлөдө 7 кыз бир туугандардын эң кенжеси. Кыз-келиндер арасындагы кыргыз улуттук курама командасында ойнойт. Жетишкендиктери – Футбол жана мини-футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону. Кыргыз өлкөсүнүн “Жылдын мыкты футболчу айымы” (2013), Эл аралык “Үмүт” кубогунун “Мыкты футболчу айымы” (2013), “Мыкты чабуулчу” (мини-футбол, 2013), Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын “Мыкты футболчу айымы” (2013) наамдарынын ээси. “Абдыш-Ата” футбол клубунун жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу. 2018-жылдын июнь айында ал испаниялык футболдук клубдардын бири менен келишим түзгөн.  (31 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: