|
|
p
16-октябрь, 1974-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов төрөлгөн
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Тазабек Икрамов 1974-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеӊир айылында туулган.
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун "Дене тарбия мугалими" адистиги боюнча аяктаган;
2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "юриспруденция" адистигин бүтүргөн. 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тартбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими; 2000-2007-жылдары жеке ишкер; 2007-2010-жылдары "Элдик чындык" коомдук фондунун төрагасы; 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү; 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун кеӊешчиси; Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Учурда Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасынын орун басары. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.
(52 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |