p

27-октябрь, 1977-жылы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков туулган

Кыргызстан
Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эл аралык байланыштар боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ошол эле университеттин юриспруденция боюнча магистратурасын бүтүргөн. Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган. 2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн; 2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы; 2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү; 2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси; 2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси; 2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары; 2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси; 2016-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. 2018-жылдын октябрь айында Тышкы иштер министри болуп дайындалды.
Сыйлыктары 2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылган. 2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси" дипломатиялык рангы берилген.
  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: