p

22-октябрь, 1996-жылы Корейлердин атактуу K-POP тобу "iKON`дун" лидери Ким Хан-бин төрөлгөн

Дүйнө
Атактуу корей K-POP тобу саналган iKON`дун лидери, ырчы, продюсер, композитор, ырлардын автору, рэпер, бийчи Ким Хан-бин Түштүк Кореянын Чонан шаарында төрөлгөн. Хан-бин сахнада ВI ("be i" - "көздөгөнүнө жетет") каймана атын алып жүрөт. Ал көпчүлүккө "Кара санатай" ("Born Hater"), "iKON" тобу менен "Мени күт" ("Wait for me"), "Everything", "Унутпа" ("Don't forget"), "Сен үчүн гана" ("Just for you"), "Эркиндик" ("Freedom"), "Эмне болду?" ("What's wrong?"), "Мыкты дос" ("Best friend"), "Татына" ("Beautiful") жана башка ырлары менен белгилүү. Топтогу позициясы: лидер, рэпер, ырлардын автору, хореограф. Хан-биндин сахнага болгон алгачкы кадамы 13 жашында белгилүү ырчы MC Mong менен "Indian boy" аталышындагы ырды ырдоо менен ташталган. 2011-жылдан бери "YG Entertainment" агенттиги менен ишмердигин улантып келүүдө. "Team B" жана "iKON" топторунун бардык ырларынын автору. Хан-биндин ырдап жатканда үстүндөгү кийимин чечип салмай адаты бар. "iKON" тобу 2015-жылы түзүлгөнүнө карабастан 50гө жакын күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды жаратууга жетишип, өспүрүмдөрдүн идеалына айлана алган. 2018-жылы ВI өзү лидерлик кылган "iKON" тобу менен биргеликте "Killing Me", "Love Scenario", "Goodbye Road" сыяктуу ырларын угармандарына тартуулаган.  (30 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: