p

22-август, 1988-жылы 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда символдук команданын курамына кирген орусиялык футболчу Артём Дзюба төрөлгөн

Дүйнө
Орусиялык футболчу Артём Дзюба Москвада төрөлгөн. Учурда Санкт-Петербургдун "Зенит" футболдук командасынын жана Орусия курамасынын чабуулчусу, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери. Орусия Кубогунун 2 жолку (2014, 2016), Орусиянын Суперкубогунун 2 жолку (2015, 2016) ээси, 2016-жылкы Европа чемпиондугунун жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу. Атасы Сергей Дзюба украин, апасы Светлана Александровна чувашиялык болгон. 1992-жылы туулган Ольга аттуу карындашы бар. Артём Дзюба 8 жашында Москвадагы "Спартак" футбол академиясына машыктыруучу Александр Ярцевдин чакыруусу менен келип, ийгиликтерди жаратып Евгений Сидоровдун сунушу менен негизги курамда ойной баштаган. 2015-жылы 6-февралда Дзюба санкт-петербургдук "Зенит" футболдук командасы менен келишим түзүп, командага 1-июлда кошулуп, жылдык акысы 3 миллион 300 миң еврону түзгөн. 2009-жылы Орусиянын жаштар курамасына чакыруу алган. Анда Дзюба 9 оюн өткөрүп атаандашынын дарбазасына 4 гол киргизген. 2011-жылы Орусиянын экинчи курамасына кабыл алынып, ошол эле жылы ноябрь айында негизги курамага кирип, Греция менен болгон беттеште улуттук команданын курамында ойногон. Улуттук команданын курамында 2-беттешин 2012-жылы АКШнын курамасына каршы өткөргөн. Мыкты ийгиликтерди жаратып 2016-жылы Францияда өткөн Европа чемпиондугунда Орусия курамасында бардык беттештерде оюн көрсөткөн. Бирок Орусия мелдештин плей-офф баскычына өтпөй калган. 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабия курамасы менен болгон беттештин 70-мүнөтүндө Фёдор Смоловдун ордуна чыгып, бир мүнөттөн кийин атаандашынын дарбазасына гол киргизген. Аталган чемпионатта 3 жолу гол киргизип, 2 ирет топту натыйжалуу чыгарып берген. Чемпионаттын жыйынтыгында Дзюба 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнө алган 11 футболчудан турган символдук команданын курамына Денис Черышев экөө кирген. Ошондой эле чемпионат учурундагы атаандашынын дарбазасына киргизген голу 11 мыкты голдун катарына кирген. Үй-бүлөлүү, Никита аттуу уулу бар.  (38 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: