p

9-ноябрь, 1999-жылы Спортчу Мээрим Жуманазарова төрөлгөн

Кыргызстан
Беделдүү эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында, Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет. Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган. 2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет. 
 Жетишкендиктери: 2014-жылы Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунада коло медалга ээ болгон. 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло медалды тагынган. 2017-жылы Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль, Дүйнө биринчилигинде коло медаль. Жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль алган. 2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль; Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль; Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль алган.2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда алтын, 2021-жылы Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло, Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон. 
  (27 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: