p

31-июль, 1960-жылы Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева туулган

Кыргызстан
Бактыгүл Жээнбаева Фрунзе шаарында туулган. Эмгек жолу: 1985-1992-жылдары "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде инженер-экономист болуп иштеген. 1992-1994-жылдары  экономист, Улуттук банкта башкармалыктын башчысынын орун басары.  1994-1996-жылдары Улуттук банкта бөлүм башчы.  1996-2006-жылдары Кыргыз айыл-чарба каржы корпорациясынын директору. 2007-жылы НТСтин башкы директору. 2007-жылы Адилет партиясынын теңтөрагасы, "Ак-Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.  2010-жылы "Кыргызстандын коммерциялык банкынын"башкармалыгынын төрайымы.  2010-жылы "Кыргызстандын коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары. 2010-жылдын июль айынан 2011-жылдын июнь айына чейин Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткаруучу.  2011-2015-жылдары Улуттук Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары. 2015-2016-жылдары Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы. 2016-жылы "Айыл Банкынын" башкармалыгынын төрайымы. 2017-жылы Немис мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кеңешчиси (мамлекеттик ипотекалык компаниянын техникалык колдоосу) 2017-2018-жылдары "Араванд" микрофинансылык компаниясынын директорлор кеңешинин төрайымы. 2018-жылдын июль айынан тартып президенттин кеңешчиси болуп иштеп баштаган. Ошол эле жылдын декабрь айында финансы министри болуп дайындалган.  (66 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: