p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

19-декабрь, 1960-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев төрөлгөн

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 1960-жылы 19-декабрда Талас облусунун Үрмарал айылында төрөлгөн. Ал 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улутттук университетинен укук таануучу адистиги боюнча билим алган. 1985-1995-жылдары Ички иштер министрлигинин эмгек-түзөтүү мекемеси башкармалыгында инженери; 1995-1996-жылдары Чүй облустук Аламүдүн РИИБинин "Беркут" отрядынын командири; 1996-2000-жылдары Ички иштер министрлигинин Кылмышкерди издөө башкармалыгында ага кызматкери; 2000-2002-жылдары Ички иштер министрлигинин оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгында оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүндө жетекчиси; 2002-2004-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси; 2004-2005-жылдары Жалал-Абад ОИИБинин жетекчисинин орун басары; 2005-2008-жылдары Ички иштер министрлигинин кылмышкерди издөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары; 2008-жылы Ички иштер министрлигинин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси; 2008-2009-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси; 2009-2010-жылдары Ички иштер министрлигинин 9-башкармалыгынын жетекчиси, Бишкектин Свердлов райондук ИИБининбашчысы; 2010-жылдын майында Бишкек ШИИБинин жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин 2012-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген; 2012-2013-жылдары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген. 2017-жылдын 4-октябрында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.  (65 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: