p

3-май, 1966-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев туулган

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев 1966-жылдын 3-майында Ош облусундагы Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында туулган. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1994-1995-жылдары Ош областтык стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган. Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун "Бирлик" совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1995-1999-жылдары жеке ишкер; 2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын "Шекер-Ордо" ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы; 2003-2005-жылдары "Ошкрастекст" ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор; 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон. Үй- бүлөлүү, 4 баланын атасы.  (60 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: