p

4-июнь, 1979-жылы Юстиция министри Марат Жаманкулов туулган

Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов 1979-жылы 4-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2001-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн. 2014-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде адам ресурстарын башкаруу" адистиги боюнча президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн. 2001-2002-жылдары Юстиция министрлигинин мыйзамдарды даярдоо жана укуктук-ченемдик актылар долбоорлорунун экспертизасы боюнча башкармалыктын эмгек келишими боюнча адиси; 2002-2005-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн орун басары, бөлүм башчысы; 2005-2009-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча башкармалыктын башчысы; 2009-2010-жылдары Жаза аткаруунун мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтыктын башкы башкармалыгынын башчысы; 2010-жылы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматынын эксперти; 2010-2012-жылдары президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; 2012-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; 2014-2015-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; 2015-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; 2016-2017-жылдары Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси; 2017-жылдан тарта Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси болуп иштеп келген.  (47 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: